Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ИИМдин кызматкерлери «Run the Silk road-Shanghai Cooperation Organization" Эл аралык марафонуна катышты

04.05.2024 16:23
158
ИИМдин кызматкерлери «Run the Silk road-Shanghai Cooperation Organization" Эл аралык марафонуна катышты


2024-жылдын 4-майында ИИМдин кызматкерлери  Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) өткөн ШКУнун «Run the Silk road-Shanghai Cooperation Organization" Эл аралык марафонуна катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кыщматы билдирди.


Марафон Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өтүп, ага дүйнө жүзү боюнча 22 мамлекеттен 3000ден ашуун спортчу катышат. 


Марафондун негизги максаты - сергек жашоо образын жайылтуу, калкты дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу болуп саналат. Стартка 3 миңден ашык адам чыгып, 100 спортчу 42 чакырымдык жарышка катышты.


Эл аралык марафонун Министрлер Кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов ачты. 


Ал катышуучуларды куттуктап, баарына чың ден соолук жана спорттук жетишкендиктерди каалады, ошондой эле спорттук иш-чаралар ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, туризмди жана эл аралык достук спорттук байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.


Бул марафон Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өткөрүлүп, ага 22 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышышты. 


Марафонго ИИМдин Басма сөз кызматынын кызматкерлери - Бакыт Сеитов, Тилек Оторов, Замирбек Сыдыков, Адилет Мусаев, Айдана Каныбекова, Марал Чалова жана Сыймык Муктарбеков, ошондой эле Кыргыз милициясынын ардагери генерал-майор Кемелбек Киязов катышышты, ал чуркоону сүйүүчүлөр жана адистер арасында мыкты натыйжаларды көрсөтүп, буга чейин көптөгөн эл аралык марафонго катышкан. 


Ысык-Көл марафону - бул Борбордук Азиядагы "эл аралык"статусуна ээ болгон жалгыз марафон. Жеңүүчү спортчулар Азия оюндарына, дүйнө чемпионаттарына жана Олимпиада оюндарына катышууга мүмкүнчүлүк алышат.


Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККсы «Run the Silk road-Shanghai Cooperation Organization» марафонунун расмий өнөктөшү болуп саналат. 


Чолпон-Ата шаарында өткөн спорттук иш-чаранын катышуучуларына жана байгелүү орундарды ээлегендерге КР ИИМдин БМЖКККнын логотиби түшүрүлгөн эстелик белектер тапшырылды.  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн