Бугу 03, 2024
Убакыт: 04:48
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Илхам Алиев Азербайжандагы кезексиз президенттик шайлоодо жеңишке жетти

08.02.2024 12:08
1523
Илхам Алиев Азербайжандагы кезексиз президенттик шайлоодо жеңишке жетти


Кытай, Иран, Пакистан, Беларусь, Венгрия, Сербия, Өзбекстан жана Ирактын жетекчилери Илхам Алиевди Азербайжандагы кезексиз президенттик шайлоодо жеңишке жеткени менен куттукташты. Бул туурасында РИА Новости аталган өлкөнүн мамлекеттик ЖМКларына таянып билдирди.


"Кытайдын лидери Си Цзиньпин Азербайжан башчысы Илхам Алиевге куттуктоо телеграммасын жөнөткөн. Си Цзиньпин Кытай эли менен өкмөтүнүн жана өзүнүн атынан Алиевге президенттик шайлоодо жеңгендигин чын дилден куттуктаган", — деп билдирген АзерТаж агенттиги.


Азербайжан лидеринин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Алиевди Иран президенти Эбрахим Раиси, Пакистан башчысы Ариф Алви, Беларусь жетекчиси Александр Лукашенко, Венгрия премьер-министри Виктор Орбан, Сербия лидери Александр Вучич, Өзбекстан менен Ирак президенттери Шавкат Мирзиёев, Абдель Латиф Жамал Рашид куттукаган.


Эске салсак, Азербайжанда кечээ, 7-февралда, кезексиз президенттик шайлоо болду. Анда эң көп добушту — 92,4 пайызды Алиевдин алганы айтылды. ЖМКлар экинчи орунга Азербайжандын Улуттук Кеңешинин депутаты Захид Оруж чыгып, добуштардын 2,2 пайызына ээ болгонун жазды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн