Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ырчы А.Кадырбекова жол кырсыктан кийин кайра жандандыруу бөлүмүнө түштү

27.06.2020 11:17
2142
Ырчы А.Кадырбекова жол кырсыктан кийин кайра жандандыруу бөлүмүнө түштү


Кечээ, 26-июнда Бишкек шаарында жол кырсык катталып, 3 адам жабыркаган. Алардын бири ырчы Асель Кадырбекова экендиги аныкталды. 


Жол кырсык саат 15:30 чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда "Хонда Одиссей" жана "Тойота Камри" унаалары кагылышкан. Анын кесепетинен "Хонда Одиссей"  унаасынан 2, "Тойота Камри" унаасынан 1 адам жабыркаган. 


Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбековдун маалыматына караганда, учурда бейтаптын абалы оор. Ал жандандыруу бөлүмүндө.

"Ал баш мээсинен жаракат алып, учурда оор абалда. Дагы деле эсине келе элек", - деди ал. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн