Аяк оона 19, 2025
Убакыт: 08:01
USD
87.30
87.80
EUR
102.90
103.90
RUB
1.045
1.075

Исхак Масалиевдин ордуна Нургазы Айдаров депутат болду

26.05.2020 15:58
1369
Исхак Масалиевдин  ордуна Нургазы Айдаров депутат болду


Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү, депутат Исхак Масалиевдин ордуна Нургазы Айдаров мандат алды.  Бул чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүн, 26-майда өткөн отурумунда кабыл алынды. 


Ошондой эле Нургазы Айдаровго депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшырылды.


Белгилей кетсек, 21-майда Жогорку Кеңештин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев өкмөттүн тоготпостугуна жана парламенттин соңку чечимдерине нааразылык иретинде мандатынан баш тартып, мөөнөтүнөн мурун ыйгарым укуктарын токтото турганын жарыялаган. 


Буга чейин  "Медиа центр" мультимедиалык-маалымат агенттигине өздүк булактар Масалиевдин ордуна Айдаров мандат аларын  кабарлаган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн