Бугу 21, 2024
Убакыт: 20:24
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Ысык-Көл аэропортунун дубалы дагы шамалдан кулуп түштү

20.02.2024 14:50
468
Ысык-Көл аэропортунун дубалы дагы шамалдан кулуп түштү


16-февралдан 17-февралга караган түнү болгон катуу шамалдан Тамчы айылындагы “Ысык-Көл” аэропортунун дубалынын бир бөлүгү дагы кулап түштү. Бул тууралуу социалдык түйүндөргө жергиликтүү тургундар жарыялоодо.


Белгилей кетсек, 2023-жылдын 18-мартында ушул эле аэропорттун дубалынын бир бөлүгү катуу шамалга туруштук бере албай кулаган. Ошол кезде президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков аэропорттун айланасын тосуу боюнча “Кыргызстройсервис” ишканасы жеке подрядчы компания менен келишим түзгөнүн, 18-мартта катуу шамалдан улам бетондоо иштери толук бүтө элек тилкедеги дубал урап калганын билдирген. Дубалды подрядчы фирма өз каражатына кайра калыбына келтире турганы айтылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн