Кулжа 09, 2025
Убакыт: 17:30
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.095
1.125

Ысык-Көл облусунун аймагына жаңы 20 трансформатор орнотулууда

09.06.2025 12:10
14
Ысык-Көл облусунун аймагына жаңы 20 трансформатор орнотулууда


Ысык-Көл электр тармагы ишканасына жаңы 20 даана трансформаторлор алып келинип, орнотуу иштери башталды.


Энергетика министрлигинен билдиришкендей, трансформаторлор "Электроэнергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында алып келинген.


Трансформаторлор облустун аймактарына төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн:


  • Жети-Өгүз РЭТине 2 даана;
  • Балыкчы РЭТине 1 даана;
  • Ак-Суу РЭТине 2 даана;
  • Чолпон-Ата РЭТине 3 даана;
  • Тоң РЭТине 1 даана;
  • Түп РЭТине 3 даана;
  • Каракол РЭТине 8 даана трансформатор орнотулат.


Жаңы трансформаторлорду орнотуу электр энергиясын берүүдөгү жоготууларды азайтып, керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жана электр жарыкты үзгүлтүксүз берүү иштерин жогорулатат. Ошондой эле жүктөмдүн өсүшүнө жараша тармактын туруктуулугун камсыздайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн