Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Ысык-Көл облусунун башчысы Караколдо курулуп жаткан жолдун курулушуна нааразы

01.09.2021 12:11
1836
Ысык-Көл облусунун башчысы Караколдо курулуп жаткан жолдун курулушуна нааразы


Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев бүгүн, 1-сентябрь күнү таң эрте, Каракол шаарында салынып жаткан Пржевальск жана Токтогул көчөлөрүнүн жолуна барды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.


Облус башчы Пржевальск көчөсүнүн иши кечеңдеп жатканына күбө болду. 


Анда жолду салып жаткан "Техно Топ" фирмасына ишти 1 сутка ичинде күчтөп, тездетпесе кошумча күч киргизээрин облус башчы айтып өттү. Ал эми Токтогул көчөсүнүн жолу өз нугунда жүрүп жатканын облус жетекчи көрүп чыкты. Токтогул көчөсүнүн жолун Каракол шаарындагы "СМУ тт" фирмасы салып жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн