Бугу 03, 2024
Убакыт: 05:17
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Ысык-Көлдө 18 жаштагы кыздын өлүмүнөн улам үч дарыгер кармалды

Ысык-Көлдө 18 жаштагы кыздын өлүмүнөн улам үч дарыгер кармалды


Ак-Суу районунун Жалпы дарыгерлик практика борборунун (ЖДПБ) үч дарыгери кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБ билдирди.


Тергөөнүн маалыматына караганда, 2023-жылдын июль айында Теплоключенко айылынын жашоочусу милицияга арыз менен кайрылган. Ал 25-июлда ичи катуу ооруп жаткан 18 жаштагы кызын ооруканага алып келсе, дарыгерлер жаткырып дарылабай, дары берип кетирип жиберишкенин айткан. Бир айдан кийин кыз көз жумган.


Факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Медициналык же фармацевтикалык кызматкерлердин кесиптик милдеттерин так аткарбашы" беренесинин негизинде иш козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган.


"25-июлда кызды ичи катуу ооруп, кусуп калган абалда ооруканага алып келишкен. Т. К. аттуу дарыгер-педиатр бейтап бир күн мурда конокко барып ачуу салат жегенин, үйүнө келгенде кусуп, диарея башталганын билгенден кийин дары жазып берип үйүнө кетирген. Оорусу тарабагандыктан бейтап кийинки күнү кайра ооруканага келгенде О.М. аттуу нөөмөттөгү анестезиолог-реаниматолог кабыл алган. Бирок ал дагы дары жазып берип үйүнө кетирген. 28-июлда кыз кайра ооруканага түшкөн. Ал күнү инфекциялык бөлүмдүн дарыгер-ординатору Э.Г. кабыл алып, кызды ооруканага жаткырган", — деп айтылат маалыматта.


29-июлда кыздын абалы начарлап эс-учун жоготкон.


"Бейтап Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын реанимациялык бөлүмүнө түшкөн. 31-июлда Бишкектин Улуттук госпиталына которулуп, 5-сентябрда көз жумган. Соттук-медициналык экспертиза кыз тамакка ууланып көз жумганын көрсөткөн", — деди ИИБ.


Комплекстик соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин Ак-Суу районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун Т.К. аттуу педиатры, О.М. аттуу анестезиолог-реаниматологу жана Э.Г. аттуу ординатору кармалган. Сот алардын бөгөт чарасы катары үй камагын тандаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн