Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулагандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-сентябрда кечки саат 20:10 чамасында Тоң районунун Кызыл-Туу айылындагы көлгө куюучу агын суулардын биринде 3 метрлик сүзмө тор менен мыйзамсыз балык уулап жаткан эки жаран кармалган.
Алар Кызыл-Туу айылынын тургундары, 2002-жылы туулган Б.Б. жана А.Н. экени аныкталды. Жеринен 4 даана форель балыгы табылып, далил зат катары алынды. Адистердин эсептөөлөрү боюнча, бул мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке 16 миң 160 сомдук материалдык зыян келтирилген.
Бул факты Тоң РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Кармалган жарандар Тоң РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн