Бугу 06, 2024
Убакыт: 18:38
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ысык-Көлдөгү "Ала-Тоо" санаторийи Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өттү

26.04.2024 17:01
158
Ысык-Көлдөгү "Ала-Тоо" санаторийи Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өттү


Медицина кызматкерлеринин сапаттуу эс алуусу жана ден соолугун чыңдоо максатында "Ала-Тоо" санаторийи Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өттү.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, бул кадам өлкөдөгү медицина кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртуу жана ден соолугун чыңдоо максатында жасалды.

"Дарыгерлердин, медайымдардын жана санитардык кызматкерлердин физикалык жана психоэмоционалдык абалын калыбына келтирүү жана жакшыртуу, өзгөчө пандемиядан кийин, мамлекеттин биринчи кезектеги милдети болуп саналат. Жеке өзүмдүн атымдан, ошондой эле республика боюнча 80 миңге жакын медициналык кызматкерлердин атынан президент Садыр Жапаровго медицина кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоого жана алардын иштөө шартын жакшыртууга болгон аракети үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз", - деди министр.

Маалымат үчүн: Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан "Ала-Тоо" эс алуу үйү 1974-жылы курулуп, көп жылдардан бери эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо жана эс алуусу үчүн кызмат кылып келет. Эс алуу үйү ээлеген жер тилкесинин аянты 24,76 гектарды түзөт. Аймак жашылдандырууну талап кылат. Мындан тышкары, ал жактагы коттедждердин эскилиги жеткенин эске алуу менен аларды бузуп, жаңы имараттарды куруу зарыл.

Өткөн жылы ал КР президентинин Иш башкармалыгына өткөрүлүп берилген. КР президентинин Иш башкармалыгы аркылуу эс алуу үйүнүн аймагына миң орундуу жаңы имараттарды куруу пландаштырылууда.

"Ала-Тоо" эс алуу үйү Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан миңден ашык орундуу чоң мекеме. Анын аймагында ашкана, административдик имараттар, кампалар, ошондой эле кинотеатр жана башка инфраструктуралык объектилер бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн