Бугу 05, 2024
Убакыт: 19:55
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Израиль Газадагы качкындар лагерине сокку уруп, кеминде 30 киши каза болду

23.10.2023 12:29
1783
Израиль Газадагы качкындар лагерине сокку уруп, кеминде 30 киши каза болду


Израиль Куралдуу күчтөрүнүн Газа секторунун түндүгүндөгү Жабалияда жайгашкан качкындар лагерине жасаган соккусунан кеминде 30 киши каза болгонун Al-Jazeera кабарлады.


Буга чейин Палестинанын WAFA маалымат агенттиги анклавдагы эки турак үй менен мечитти бомбалоодон 13 адам көз жумуп, ондогон тургун жаракат алганын билдирген.


"Израилдин Газага урган акыркы соккусунан уранды алдынан кеминде 30 сөөк табылды, көбү аялдар менен балдар", — деп айтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, тараптардын территориалдык кызыкчылыгына байланышкан палестин-израиль чатагы ондогон жылдардан бери региондогу кагылышууну шарттап келет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн