Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан сарайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп,  1 автошаты жана штаб тартылган.
"Кырсыктын кесепетинен жалпы аянты  болжол менен 350 чарчы метр күйүп, бир адам куткарылды. Өрт сарайдан 3 кабаттуу үйдүн чатырына өтүп, болжол менен 30 адам эвакуацияланды" , - деп айтылат маалыматта.
Тилсиз жоо  саат 13:34тө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн