Бугу 06, 2024
Убакыт: 04:34
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

КМДБ: "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясын өткөрүү шариат ченемдерине ылайык келет

07.06.2023 17:31
256
КМДБ: "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясын өткөрүү шариат ченемдерине ылайык келет

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясын өткөрүү шариат ченемдерине ылайык келерин тастыктады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Дин башкармалыгы белгилегендей, Салык кызматынын контролдук-кассалык машиналарды киргизүүнүн алкагында өткөрүп жаткан иш-чаралары, анын ичинде кызыктыруучу лотерея ислам ченемдерине каршы келбейт.

"Лотереяда ойнотулган байгелер мамлекет тарабынан коюлуп, ага катышуу акысыз болгондуктан, мындай лотереяга шариат уруксат берет. Эгерде уюштуруучу лотереялык билеттерди сатуу менен байгелерди ойнотсо, анда шариатта мындай лотереяга тыюу салынган деп эсептелет", – деп билдиришти муфтияттан.

Белгилей кетсек, буга чейин Салык кызматы маалыматтык иштерди жүргүзүү учурунда айрым жарандар кызыктыруучу лотереяны тыюу салынган катары кабыл алып, анын ислам дини тарабынан уруксат берилишинен күмөн санашкандыгына байланыштуу, түшүндүрмө алуу үчүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына кайрылган.

Эскерте кетсек, жарандардын Салык кызматынын лотереясына катышуусу акысыз, болгону "Салык чек" тиркемеси аркылуу товарларды же кызматтарды сатып алууда алынган кассалык чектерди сканерлөө керек.

Лотереянын биринчи туру ушул жылдын 26-июнунан 1-июлуна чейин өткөрүлөт, анда 10 электромобиль жана 1000ден ашык баалуу байгелер ойнотулат.

Жарандарды лотереяга катышуу жана баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоого чакырабыз.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн