Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

КР ТИМ башчысы Өзбекстанга расмий сапар менен жөнөп кетти

20.12.2023 17:38
224
КР ТИМ башчысы Өзбекстанга расмий сапар менен жөнөп кетти


Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өзбекстандык кесиптеши Бахтиёр Саидовдун чакыруусу боюнча Өзбекстанга расмий сапар менен жөнөп кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчыларынын эки тараптуу расмий жолугушуулары өтөт. Андан тышкары, Кулубаев бийик жана жогорку деңгээлдердеги кыргыз-өзбек макулдашууларын ишке ашырууну илгерилетүү максатында Тышкы иштер министрликтер аралык консультацияларга катышат.

Сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Министр ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына жана залкар жазуучу жана ойчул Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына арналган салтанаттуу маданий-гуманитардык иш-чараларга катышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн