Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 04:41
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кадамжайда адам өлтүрүүгө шектелип, 38 жаштагы жаран кармалды

Кадамжайда адам өлтүрүүгө шектелип, 38 жаштагы жаран кармалды


Кадамжайда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кылмыштын изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Кадамжай райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы кирпич чыгаруучу заводдо белгисиз жарандын киши колдуу болуп өлтүрүлгөн сөөгү табылган.

Бул факты Кадамжай райондук милициясына КР кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен катталып, кызматкерлерге тергөө тапшырмасы берилген.

Кадамжай РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүү жарандын ким экендигин жана анын жүргөн жерин аныктоо максатында ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзө баштайт.

Кылмышка шектүү 38 жаштагы Б.А. чет өлкөнүн жараны экендиги аныкталып, Сузак РИИБдин кызматкерлеринин жардамы менен Кадамжай РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүүнү Сузак районунан кармап келишти.

Бул оор кылмыштын бетинин ачылышына “Сузак" чек ара бөлүгүнүн башчысы өздүк курамы менен биргеликте жардамын берди.

Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланып жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн