Бугу 04, 2024
Убакыт: 20:54
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Калыгул Бейшекеев: Министр Бекболотовдун жардамчысына суроолор бар

29.08.2023 16:48
3674
Калыгул Бейшекеев: Министр Бекболотовдун жардамчысына суроолор бар


Коргоо министри Бактыбек Бекболотов тармактагы анча-мынча жылыш иштер тууралуу төш каккылап, “алтын шилекейин” чачыратканынан улам жакында генералга бир катар суроолорду жолдогонбуз. Бактыбек Бекболотов биздин соболдорубузга Балыкчы шаарындагы аскер полигонуна чогуу барып, ишти жеринде көрүп, жооп берерин айтып атайын чакырган. Албетте, генералдын сөзүн “эки кылбай” аны менен Балыкчы калаасына бардык. Кызыгы, бу Бекболотовдун Уланбек Осмоналиев аттуу жардамчысы баш болгон айланасындагы жан-жөөкөрлөрү министрди кызганышып, келгендерге адамча мамиле кылышпай, “байдын дөбөтүнчө” күрсүлдөп, оозго алгыс балит сөздөр менен сөгүнүшкөнү кайсы логикага сыят? Же Бекболотов айланасындагы “жетим жүгүрүктөрүнө” келгендерге ушундай мамиле кылуусун буюрабы? Балким генералга өзүнүн подполковник жардамчысын тизгинин тартып, келген адамдарга адамча мамиле кылуусун үйрөтүү оорчулук келтирип жатабы? Образдуу салыштырганда “байдын дөбөтүндөй” жулкунган бул эргул министрди кызганып, балит ооздук жүрүшү менен сөгүнүп-сагынганы этикага туура келеби? Кол алдындагы коргоо министрлигинин офицерлерин “титиретип, бийлетип алса” эле калемгерлерди да ошенткиси келеби? Мындай көпкөлөң тарткан эргулдун сары изине түшүп, бир тууган инисин Кочкор военкоматына башчы кылганга салым кошкон “эмгектерине” сөзсүз журналисттик үн бериш керекпи? Биз жакынкы күндөрү бул темаларга кененирээк кайрылып, Уланбек Осмоналиевдин бет пардасын ачып, коргоо министрлигинин борбордук аппаратынан тартып жергиликтүү аскердик бөлүктөргө чейин кадрдык жүрүштөргө “кандай салым” кошуп жатканы тармактагы офицерлердин ичинде узун-сабак кепке айланганы ыраспы? Бул жагына журналисттик үн бербесек болбой калды. Камчыбек Ташиев башында турган атайын кызматтын из кубарлары бул эргулдун баскан изине кызыгып көрүшсө, ашыкча болбос беле? Кол алдындагы коргоо министрлигинде иштегендерди “келиндей жүгүнтүп” алган күрсүлдөгөн эргул сөгүнгөнүнө жараша эл алдында жооп узатканга жарайбы? Күтүп туралы. Кызыктар али алдыда... 


Калыгул Бейшекеев, журналист

Автордун пикири редакциянын позициясын билдирбейт

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн