Кулжа 18, 2025
Убакыт: 12:39
USD
87.30
87.80
EUR
100.00
101.00
RUB
1.100
1.140

Камчыбек Ташиев Адахан Мадумаровдун иши боюнча үн катты

23.01.2022 12:46
1720
Камчыбек Ташиев Адахан Мадумаровдун иши боюнча үн катты


Адахан Мадумаровдун маселеси боюнча менде юридикалык маалымат жок, деп билдирди УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 23-январдагы маалымат жыйынында.


Анын айтымында, бул ишти Башкы прокуратура жүргүзүүдө. Аларда иштин бардык фактылары бар.


«Мен юридикалык жактан негиздүү жооп бере албайм. Тергөө иштери жакында бүтөт деп ойлойм», - деди Ташиев.


Белгилей кетсек, Адахан Мадумаров 14, 17 жана 18-январда Башкы прокуратурага тергөө иш-чарасына чакырылган. Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча көрсөтмө бергени айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн