Жетинин айы 04, 2025
Убакыт: 15:59
USD
87.30
87.80
EUR
100.20
101.20
RUB
1.075
1.105

Камчыбек Ташиев чек ара мамилесин чечүү үчүн Ташкентке учуп кетти

23.03.2021 09:19
1255
Камчыбек Ташиев чек ара мамилесин чечүү үчүн Ташкентке учуп кетти


    Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы, КРнын УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Өзбекстандын Ташкент шаарына учуп кетти. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


   Визиттин алкагында кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Кыргызстан жана Өзбекстандын делегациялары тийиштүү маселелерди 24-25-март күндөрү карап чыгышат. Кыргыз делегациясын УКМК башчысы Камчыбек Ташиев, Өзбек делегациясын Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жетектейт.


     Жыйындын жүрүшүндө кыргыз-өзбек чек арасындагы калган аймактарды демаркациялоо маселеси талкууланат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Тажиктер менен не деп чечимге келди,ошону качан коробуз?