Бугу 03, 2025
Убакыт: 03:07
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Каныбек Осмоналиев дене табы көтөрүлүп, үй камагына чыгарылды

27.06.2020 14:09
1116
Каныбек Осмоналиев дене табы көтөрүлүп, үй камагына чыгарылды

Экс-депутат Каныбек Осмоналиев кечээ, 26-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов басма сөз каражаттарына билдирди. 

Анын айтымында, учурда экс-депутат үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Бир нече күн мурда Каныбек Осмоналиев коронавируска ПЧР-анализ тапшырган. Адвокаттын айтуусунда, азырынча анализдин жыйынтыгы чыга элек. Экс-депутат дене табы көтөрүлүп, абалы начарлаганына байланыштуу “Тез жардам” чакыртылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн