Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:59
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кант шаарында эки жаңы откана ишке киргизилди

20.12.2022 16:35
237
Кант шаарында эки жаңы откана ишке киргизилди

Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы тарабынан Токмок жана Кант шаарларында заманбап отканалар салынып бүттү.

Кечээ журналисттер үчүн пресс-тур уюштурулуп, анын жүрүшүндө от казандары тууралуу кеңири маалымат берилди.

Расмий ачылыш аземине энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов жана "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Болот Жусупбеков катышты.

Учурда Кант шаарында 13 откана бар. Алардын ичинен:

-7 откана мазут менен иштейт. (№1, 2, 3, 4, 5, 6, 9)

-2 откана көмүр менен иштейт. (№12, 14)

-2 откана электр энергиясы менен иштейт. (№7, 8)

-2 откана газ менен иштейт (№10 жана жаңы курулган №11- откана).

Жаңы салынып бүткөн №11 откана Кант шаарынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан. Анын курулуш иштери 2021-жылы башталып, бир жыл аралыгында 28 4920 млн сомго бүткөрүлдү. Ишке кирген бул откана учурда 8 имаратты:

13а, 14а, 15а, 19а, 19б, 20а, 21а, 22а үйлөрүн же 330 абонентти жылуулук менен камсыз кылат. Мындан тышкары аталган аймакта курулуп жаткан 5 кабаттуу 3 турак жайга туташтырууга техникалык шарттар берилди.

Учурда Кантта жалпы отканалар 4200 абонентти жылуулук менен камсыздаса, анын ичинен жаңы бүткөрүлгөн №11 отканасы 330 абонентти жылуулук менен камсыздайт. Муну салуунун негизги максаты 100% максималдуу жүктө иштеп жаткан №9 откананын жүгүн жеңилдетүү жана калкка сапаттуу жылуулук берүү.

Канттагы "Жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалында №13 откана 41 000 Гкал кубаттуулугу менен жылуулук берет. Анын ичинен жаңы салынган №11 откана 900 Гкал кубаттуулук берет.

Мындан тышкары "Токмок жылуулук менен жабдуу ишканасынын" филиалында блок-модулдук 0,8 МВт автаномдуу откананын курулушу аяктады. Жаңы бүткөрүлгөн №6 откана Токмок шаарынын Ибрагимов, 2 көчөсүндө жайгашкан. Откана (Ибраимов 2) Горькова көчөсүндө жайгашкан 1 көп кабаттуу үйдү (блок) жана Жантаев көчөсүндө жайгашкан 2 көп кабаттуу турак жайларды (блок) же 150 абонентти жылуулук менен камсыз кылат.

Учурда Токмок шаарында 6 откана бар. Алардын ичинен:

-4 откана табигый газ менен иштейт. Мунун катарында жаңы ачылган откана бар.

-2 откана отун менен (көмүр) менен иштейт.

Отканаларда 163,29 Гкал саат кубаттуулуктагы 19 казан орнотулган.

“Токмоктогу жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалында 5 откана 163,29 Гкал кубаттуулугу менен жылуулук берет. Ал эми жаңы салынган №6 откана 0,4 Гкал кубаттуулукту берет.

Борбордук жылуулукка жылдан жылга кошулуп жаткан керектөөчүлөрдүн саны көбөйүп бараткандыктан №2 откананын жабдуулары 100% жүктөмдө иштегендиктен баардык абоненттерди сапаттуу жылуулук менен камсыз кылуу үчүн жүктөмдөрдү азайтуу үчүн курч маселе коюлган. Ошол кезде 100 батирлүү турак жайды жылытуу үчүн откана куруу чечими чыккан.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн