Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 02:11
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кантта 34 жаштагы жаранды бычак менен сайып салган шектүү кармалды

Кантта 34 жаштагы жаранды бычак менен сайып салган шектүү кармалды


Кант шаарында 34 жаштагы жаранды бычак менен сайып салган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички ички иштер министрлигинен билдиришти.


Маалым болгондой, 22-декабрга караган түнү Кант шаарынын мэриясын кайтарып турган кенже сержант Ийгилик Каныбеков тротуарда башын жерге салып, эңкейип келе жаткан адамды байкап калган. Ошол учурда милицияны көргөн адам «мени бычак менен сайып салды» деп кыйкырып, жерге отура калган.


Милиция кызматкери бычак жеген адамдын жанына барып, ага биринчи медициналык жардам көрсөткөн. Окуянын чоо-жайын тактап, кармоо тобуна кабар берген.


Милиция кызматкерлери изи сууй электе шектүү катары 31 жаштагы Н.Т. уулу аттуу жаранды кармаган. Ал эми бычактан жараат алган 34 жаштагы жаранды милиция кызматкерлери тез жардамды күтпөстөн ооруканага жеткирген.


Жолдо баратканда жабыркаган адам курулуш тармагында иштей турганын, Кантка иштегени келгендигин билдирген. Анын айтымында, ошол күнү алар тааныштары менен ичимдик ичип отурганда Н. аттуу жаран эт кесип жаткан бычак менен эч себепсиз ичине сайып салган.


Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн