Бугу 03, 2024
Убакыт: 05:41
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Кара-Балтада адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Кара-Балтада адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды


Кара-Балта шаарында адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-февралда кечинде Жайыл райондук милициясына Кара-Балта шаарынын Фрунзе көчөсүнүн түндүк тарабындагы темир жолдогу гараждардын артында белгисиз адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Тергөө-ыкчам топ жерине барып, маркумдун денесинин бөлүктөрүн таап, буюм далилдерин (кийимдери) алган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде маркумдун өздүгү такталып, ал 1977-жылы туулган Д.Э. аттуу Жайыл районунун тургуну экендиги аныкталган. Мындан тышкары, бул кылмышка шектүүнүн өздүгү да такталып, ал мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 1989-жылы туулган Жайыл районунун С.А. аттуу тургуну экендиги аныкталып, кармалды.

Шектүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Кылмыш ишинин алкагындагы иш-чаралардын жүрүшүндө 2024-жылдын 2-январында 1977-жылы туулган Д.Э. жана 1989-жылы туулган С.А. аттуу жарандар чогуу спирт ичимдиктерин ичип, ортодо чыр чыгып, ал мушташка айланганы, Д.Э. денесинен алган жаракатынан улам каза болуп калгандыгы аныкталды.

Ал эми, 2024-жылдын 4-январында С.А. Д.Э.нин сөөгүн бөлүктөргө бөлүп, Кара-Балта шаарынын Фрунзе көчөсүнүн түндүгүндөгү темир жол тараптагы гараждардын артына ыргытып жиберген.

Д.Э. 2024-жылдын 4-январынан бери дайынсыз жоголгондуктан, Жайыл райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн.

Тергөө иштери улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн