Бугу 06, 2024
Убакыт: 05:14
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кара-Сууда Муфтийдин катышуусунда 7 тонна курма таратылды

18.04.2023 17:39
246
Кара-Сууда Муфтийдин катышуусунда 7 тонна курма таратылды

 

Кара-Суу районунда “Курма менен ооз ачыңыз” аттуу кезектеги акциясы уюштурулуп, ага Азирети муфтий Замир кары Ракиев, Азирети Муфтийдин орун басары Асан ажы Сыргабаев, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, жергиликтүү жамаат жана “Апиза эне” ислам инстиутунун студенттери катышты. 


Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, “Курма менен ооз ачыңыз” аттуу акциянын алкагында Рамазан айынын алгачкы он күндүгүндө эки тонна, ортоңку он күндүгүндө эки тонна, ал эми акыркы он күндүгүндө үч тонна, жалпы жети тонна курма жолдон өткөн айдоочуларга, жолоочуларга, жергиликтүү тургундарга, конокторго таратылды. Муну менен катар зам-зам суусу да белекке берилди.


Эске салсак, “Курма менен ооз ачыңыз” аттуу кезектеги акциясы Кара-Суу райондук хатибияты, Кара-Суу РИИБнин ЭММКАК жана РИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте уюштурулду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн