Аяк оона 19, 2025
Убакыт: 11:33
USD
87.30
87.80
EUR
102.40
103.40
RUB
1.045
1.075

Кара-Сууда жесир, көп балалуу жалгыз бой аялдарга социалдык шаарча курулат

09.08.2021 12:55
1894
Кара-Сууда жесир, көп балалуу жалгыз бой аялдарга социалдык шаарча курулат
Кара-Суу районунда 152 үй-бүлө үчүн социалдык шаарчанын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-августта Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Эшме айылында жесир жана көп балалуу жалгыз бой энелер үчүн салына турган жаңы социалдык шаарчанын курулушуна капсула салуу аземи өттү.

Иш-чарага Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов, Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев жана “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмесинин төрагасы Мухаммад Альшай катышты.

Кувейт өлкөсүнүн “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмеси тарабынан каржыланып жаткан социалдык шаарчага 4 батирлүү 25 үй, ФАП, тигүү цехи, дүкөн, футбол аянтчасы, нан жабуучу жай жана мечит курулат.

Аталган шаарча 2022-жылдын май айында пайдаланууга берилмекчи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн