Баш оона 23, 2025
Убакыт: 19:27
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Каракол—Эңилчек жолунда сел жүрүп, унаалар өтө албай калды

19.07.2020 16:09
1374
Каракол—Эңилчек жолунда сел жүрүп, унаалар өтө албай калды

КараколЭңилчек унаа жолунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 19-июль күнү саат 12:40 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары КараколЭңилчек унаа жолунун 6 чакырымын кум шагылга толтуруп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан.


Тазалоо иш-чараларын жүргүзүүгө №11 ЖТИден 1 жүктөгүч, Суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.


Кыргызгидромет 18-19-июлдарда тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу боюнча шашылыш эскертүү таркаткан.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн