Баш оона 02, 2025
Убакыт: 12:08
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.080
1.110

Караколдо соттун мурдагы кызматкери пара менен кармалды

01.08.2025 14:12
40
Караколдо соттун мурдагы кызматкери пара менен кармалды


Каракол шаардык сотунун соттук отурумунун мурдагы катчысы пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Сот тутумундагы системалуу коррупциянын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө УКМК тарабынан, Каракол шаардык сотунун соттук отурумдарынын мурдагы катчысы О.К.К 70 миң сом өлчөмүндө пара алганы үчүн кармалды.


Тактап айтканда, О.К.К. сот отурумдарынын катчысы болуп иштеп жүргөн кезде, Каракол шаардык сотунун судьясы А.А.П.нын атын жамынып, жарандык иш боюнча оң чечим чыгарууга көмөктөшөм деген шылтоо менен жабырлануучудан опузалап акча талап кылган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, кармалган жаран Каракол шаардык Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Учурда тергөө тарабынан бул кылмышка Каракол шаардык сотунун судьясы А.А.П.нын катыштуулугун аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн