Коронавирус жана учурдагы карантин режими боюнча чагымчыл маалыматтарды тараткан адамдар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактар аркылуу коронавирус жана учурдагы карантин режими тууралуу жалган маалыматтарды таркаткан 31 жаштагы Т.у.Ч., 34 жаштагы А.Т.А. жана 22 жаштагы Ж.Т.М. кармалган.
Учурда алардын кылган ишине юридикалык баа берүүгө багытталган иш аракеттер жүрүп жатканы айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн