Бугу 15, 2024
Убакыт: 23:09
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кашкар Жунушалиев ички иштер кызматкерлеринин ден соолугуна өзгөчө көңүл бурууну белгиледи

20.07.2020 12:23
1469
Кашкар Жунушалиев ички иштер кызматкерлеринин ден соолугуна өзгөчө көңүл бурууну белгиледи

 

Бүгүн, 20-июлда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Кеңешмеге Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук жана Бишкек, Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын жетекчилери, ИИМдин борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын башчылары катышты.


Анда ички иштер кызматкерлеринин жана ардагерлердин ден соолугуна өзгөчө көңүл буруу, ар бир облуста медицина бөлүмдөрүндө дарыланып жаткандарга толук, ар тараптуу жардам көрсөтүү, кошумча атайын стационарларды ачуу зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле ушул багытта ишти колго алууда жана уюштурууда жергиликтүү жетекчиликтин жоопкерчилиги катуу болоору эскертилди.


Онлайн кеңешменин жүрүшүндө министр тарабынан коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө негизги приоритеттүү багыттарда ишмердүүлүктү күчөтүү боюнча тапшырмалар коюлду.


Басма сөз кызматы кошумчалагандай, мындан ары кеңешме жума сайын өткөрүлүп, коомдук тартипти сактоо багытында орчундуу маселелер талкууга алынып, тиешелүү чечимдер кабыл алынып турмакчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн