Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 14:26
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Каскадроп коронавирустун түбүнө жеткени калды...

27.03.2020 14:58
818
Каскадроп коронавирустун түбүнө жеткени калды...

“Баягы асаба” гезити жабылып, күтүүсүз мээнет табылып, туруктуу иши жок, же “кел бери” деген кеп баркын билген киши жок Кимбайке менен Каскадроп катуу кор болушту. Редакторлор сатирага караганда сасыган саясатты жазгандарга ык коюп, экөө сыртка сүрүлүп калышты. Ошондо Каскадроп учуучу таягын минип, Күн Чыгышты бет алып жүрүп кеткен. Кантеңирдин чокусуна эки түнөп, андан ары Кашкарга барып, кашкарлыктан катын алып, үй-жай күтүп, эки эркек балалуу болгон. Бир баласы жер өрттөгөн тентек чыгып, анысына тажагандан Таскадроп, экинчиси болбураган жоош болгондуктан, мунусуна Башкадроп деген ат коюп, тынч жашоого өткөн. Бир күнү “Кечки Азаттыктан” “ Кыргызстанга коронавирус келди” дегенди угуп катуу кейиди.


Кашкарда жатып кеп угуп,
Кайдан келген бир оору,
Калың кыргыз журтуңду,
Каптап кетти деп угуп.
Кабырга сөөгү сөгүлүп,
Кабаттап жашы төгүлүп,
Кандай болуп кетти деп,
Катыны билбес тил менен,
Кайта-кайта сөгүнүп.
Каскадроп бечара,
Баягы,
Катар коюп атканда,
“Катюша” огу жетпеген.
Калабалуу таягын,
Каткан жерден алды дейт,
Катыра камчы салды дейт.
Бурутум эмне болду деп,
Булуттуу көктүн астынан,
Муунду чөптүн үстүнөн,
Буркурап учуп калды дейт.

Катылып жаткан канча жыл,
Кашайгырдын таягы,
Буулуккандай болуптур,
Каскадроп курусун,
Карбаластап шашкандан,
Катуу чаап коюптур.
Алып учуп түгөттү,
АКШга кирип кетээрде,
Алты жүз кабат бир үйүн,
Аңтара коюп өтөөрдө,
Араң оозун тартыптыр,
Ала-Тоого кайтыптыр.
...Таяктын оозун чойду дейт,
Талыкпаган эргулуң,
Бир айланып үстүнөн,
Бишкекке келип конду дейт.

Коронавирус каапырың,
Кылкылдаган Кытайды,
Кырып ийе жаздаптыр,
Италиянын тамырын,
Жулуп ийе жаздаптыр.
Испания, Германды,
Уруп кое жаздаптыр,
Адамын үйдөн чыгарбай,
Ар кимисин үйүнө,
Тыгып кое жаздаптыр.
Эсепсиз кыргын кылыптыр,
Эчендин башын жулуптур.
Бишкекке келип кырданып,
Өңүн бузуп сурданып,
Кандай кылып ийсем деп,
Оң бөйрөгүн таянып,
Ойлонуп бир аз туруптур.
...“Ала-Тоо” аянт кең конуш,
Ары-бери басыптыр,
Аябай каарын чачыптыр,
Бишкектин эли канетсин,
Каш кайтараар алы жок,
Үшкүрүнүп баарысы,
Үйүнө кире качыптыр.

Коронавирус ушул дөө,
Токсон дары сайсаң да,
Тоготпосун билчү экен,
Бирок,
Алты чанач кымызды,
Алеки саатта жайлаган,
Жалдуу бээден сойдуруп,
Жалаң казы чайнаган,
Илебине нан бышып,
Иммунитети кайнаган.
Колундагы таягы,
Жер үстүнө таштаса,
Жердин алдын көрүүчү,
Жан алгыч далай микроб
Жакындатса өлүүчү,
Каскадроп жолукса,
Кашайта көзүм оёт деп,
“Ала-Тоо” аянт ташына,
Айлантып туруп согот деп,
Катуу коркуп жүрчү экен.

Каскадроп берениң,
Коронавирус каапырды,
Кармачу жерден кармады,
“Ала-Тоо” аянт тушунан,
Алдынан чыга калганы.
Уюлу койдун башындай,
Учканда минчү таягын,
Оңдой кармап колго алып,
Коронавирус сенби деп,
Коркутасың элди деп,
Чогоол неме токтобой,
Чокудан ары салганы.

Жыйырма төрт экен мүйүзү,
Жыгып алып жулду дейт...
Алты айлантып башынан,
Алпарып ташка урду дейт.
...Каскадроп кырааның,
Энтиктирип ошону,
Эптегени жатканда.
Таягы менен күйгүзүп,
Өрттөгөнү жатканда,
...Өзгөчө абал айынан,
Үйүнөн чыкпай кор болгон.
Каяктан башты жазсам деп,
Кайдагы ишти ойлонгон.
Кадимки досу Кимбайке,
Капталдан чыга барганы.
Каскадроп кашайгыр,
Коронавирусту унутуп,
Аңкайып оозу ачылып,
Аны карап калганы.
...Колу бошой калганда,
Коронавирус култ койду,
Эки элидей тешикке.
Кире качып жылт койду.


...Коронавирусту качырып ийип арманда калган Каскадроп канча жылдан бери көрүшпөгөн Кимбайкени көздөй кучагын жая басты эле, ал ары качты. Алыстан туруп алып, качкан жайын айтты. Көрсө коронавирустун айынан кучакташып көрүшмөк түгүл, кол алышып учурашканга да болбой калыптыр. Муну уккан Каскадроп катуу кейигени менен Кимбайкенин оюн айттырбай билип, маңдайкы дүкөнгө кирип, карчыттуу бөтөлкөдөн бирди илип, экөө ээнирээк жерге барып, эки метр алыс турушуп, алигиден кезек-кезеги менен урушуп катуу жыргашты. Ал арада коронавирус кире качкан жеринен жылып чыгып, аксаңдай басып качып баратканда Каскадроп таягын алып, айкырык салып артынан кетти. Кимбайке жарымы ичилген бөтөштү койнуна катып үйүнө кетти...Сыягы сыйкырдуу таягы бар Каскадроп коронавирустун түбүнө жеткени калды окшойт.



 Каскадроп 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн