Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Троллейбус айдоочусу жол эрежесин бузуп, катуу айдап жана авариялык кырдаал жаратты

07.08.2020 15:25
965
Троллейбус айдоочусу жол эрежесин бузуп, катуу айдап жана авариялык кырдаал жаратты


Бишкек шаардык мэриясына троллейбустун айдоочусунун кечки саат 18:00 чамасында Юнусалиев көчөсүндө Медеров көчөсү менен Ахунбаев көчөлөрүнүн аралыгында катуу айдап, жол эрежесин бузгандыгы, авариялык кырдаал жараткандыгы боюнча кайрылуу келип түшкөн.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери иликтөө жүргүзүшүп, борт номери 1509 №17 троллейбустун айдоочусу С.Кожоев экендигин аныкташты.

Бузуучуга жол кыймылынын эрежесин катуу сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аталган иш административдик айып төлөө үчүн Патрулдук милициянын башкы башкармалыгына жөнөтүлдү.

Шаардык троллейбус башкармалыгы мындан улам айдоочулардан жана шаардыктардан кечирим сурады.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн