Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кайра шайлоо: Эки округ боюнча талапкерлерди каттоо аяктайт

27.01.2022 10:52
1824
Кайра шайлоо: Эки округ боюнча талапкерлерди каттоо аяктайт

Бүгүн, 27-январда кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү аяктайт.  Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.


Борбордук шайлоо комиссиясынан маалым болгондой, документтерди кабыл алуу бүгүн саат 18:00дө жыйынтыкталат. Кайра шайлоого катышуу үчүн 54 жаран Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды. 


Эске салсак, 28-ноябрда өткөн шайлоодо Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда шайлоого катышкан жарандардын баарына каршы добуш бергендердин саны көп болгон. Мындан улам кайра шайлоо өткөрүү белгиленип, ал 27-февралда өтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн