Бугу 04, 2024
Убакыт: 01:37
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кайран көңүлүм эртеңки күн болбогондо, бүгүн экөөбүз көп нерсе бүтүрөр элек

23.08.2021 15:09
7054
Кайран көңүлүм эртеңки күн болбогондо, бүгүн экөөбүз көп нерсе бүтүрөр элек


Кайран көңүлүм эртеңки күн болбогондо, бүгүн экөөбүз көп нерсе бүтүрөр элек.

Чындык булбулдун тилине катылган. Андыктан дайыма каргалар каралап турушат.

Эч убакта макталбай калдым дебе. Эгер азыгың мыкты болсо кыямат күнү бүт пенделердин алдында макталасың.

Жакпагандарга эч качан жакпайсың.


Олуя болуп суунун үстүндө бассаң дагы, бечара сүзгөндү билбейт тура дешет.

Жан дүйнөсү түндөй караңгы, пейили ийненин тешигинен тар адамдар бар. Кудайдын сабырдуулугу менен мээримдүүлүгүн караңыз.

Каалга ачылганда бирөө кирерин күткөндөй эле, кыйынчылык келсе артынан сүйүнүч келерин күтө бер.

Чыныгы адамдыктан өзүбүз ылдый түшүп алып, өйдөкүлөргө суктанып жашайбыз.

Жараткан өлөсүң десе жылмайып, дарыгер өлөсүң десе ыйлаган кайдыгер пендем ай...

Адамдарга бакыт тартуулагандарга тоскоол болгондор, өзүнүн гана жыргалы үчүн жырткычтыкка даяр айбандардан айырмасы жок!

Мүрзөдөгү адамдын абалын билгиңиз келсе, анда арамга сокур, ушакка балык, тамакка кылдат, кийимге таза жана түндүн бир оокумунда көз жаш деңизинде дубалардын кемеси менен сүзүңүз.

Жээктеги кум үстүндөгүдөй эмес, деңизге чөгүп бараткандагы абалыңдай суран. Жараткан жылдыздарды колуңа жаадырсын.

Ашыктыгың чын болсо билдирип койгонуң дурус. Балким ал кубаныч анын көптөгөн ийгиликтеринин башаты болушу мүмкүн.

Китепте  жазылгандай сүйүү болбойт. Жашоодогу сүйүүлөр китепке жазылат.

Жеңишбек Жумакадыр, акын

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн