Бугу 04, 2025
Убакыт: 10:27
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Казакбаев Араб мамлекеттеринин Кызматташтык кеңешинин башкы катчысы менен жолугушту

13.10.2021 15:26
692
Казакбаев Араб мамлекеттеринин Кызматташтык кеңешинин башкы катчысы менен жолугушту

2021-жылдын 12-октябрында Нур-Султан шаарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге катышкан-өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин 6-жыйынынын алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер мекемелеринин жумушчу кеңешмесине катышты жана булуңундагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Наиф Фалах Аль-Хажраф менен жолугушту.


Жолугушууга Бахрейн Падышалыгынын тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Аль-Заяни да катышты. Ал өлкөнүн атынан учурда бул кеңешке төрагалык кылууда.


Жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык, туризм жана инвестициялык чөйрөлөрдө аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.


"Борбордук Азия – Булуңундагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык кеңеши" форматындагы жаңы диалог аянтчасын түзүү демилгеси да каралып, талкууланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн