Бугу 06, 2024
Убакыт: 01:52
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Казакстанда шахтада каза болгондордун бардыгынын сөөгү табылды

31.10.2023 13:39
1732
Казакстанда шахтада каза болгондордун бардыгынын сөөгү табылды


Карагандадагы шахтада каза болгон 40 шахтёрдун аты-жөнү такталды. Ал эми алтоонун сөөгү тааныла элек. Бул тууралуу Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри Сырым Шарипханов билдиргенин Sputnik Казакстан жазды.


Анын айтымында, алты маркумдун өздүгүн аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар жүргүзүлүүдө жана ДНК-анализдер керек болот.


"Электр энергиясынын жоктугу, талкаланган механизмдер издөө иштерин жүргүзүүнү кыйындатты", — деди ӨКМ башчысы.


Эске салсак, Костенко "АрселорМиттал Темиртау" шахтасында 28-октябрь күнү саат 02:33тө жарылуу болгон. Авария учурунда жер астында 252 адам болгон. Алардын 205и сыртка чыгарылган. Жалпы 46 адам каза болуп, издөө иштери үч күнгө созулду.


Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт чыгып, андан соң жарылуу болгон. Окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн