Бугу 05, 2024
Убакыт: 22:57
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Казакстанда шахтадагы жарылуудан каза болгондор 45ке жетти

30.10.2023 11:52
1748
Казакстанда шахтадагы жарылуудан каза болгондор 45ке жетти


Казакстандын Караганды облусундагы Костенко атындагы шахтада каза болгондордун саны 45ке жетти. Бул тууралуу "Хабар 24" телеканалы Авариялык-куткаруу кызматынын жергиликтүү өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары Геннадий Силинскийге шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматты өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да ырастап, учурда дагы бир киши изделип жатканын билдирди.

"Шахтадагы кээ бир жабдуулардын иштен чыгышы жана айрым жерлериндеги урандылар куткаруу иштерин оорлотууда", – деди Силинский.

Караганда облусундагы Костенко шахтасында 28-октябрга караган түнү жарылуу болгон. Кырсык учурунда жер астында 252 кенчи болгону, алардын 206сы өз алдынча чыгып кеткени кабарланган. Калгандары сыртка чыга албай калган.

Алдын ала маалымат боюнча, жарылууга көмүр казанынан чыккан өрт себеп болгон. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы Кылмыш кодексинин "Тоо-кен же курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштаганын кабарлаган.

Шахтадагы жарылууга байланыштуу Казакстанда 29-октябрь – жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн