Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 05:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Казакстандын экс-президентинин иниси Болат Назарбаев каза болду

13.11.2023 11:20
844
Казакстандын экс-президентинин иниси Болат Назарбаев каза болду


Казакстандын экс-президентинин бир тууганы Болат Назарбаевдин каза болгонун биринчи президенттин басма сөз катчысы Айдос Укибай билдирди.


«70 жаш курагында, узакка созулган оорудан кийин Казакстан Республикасынын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Абишевич Назарбаев каза болду», — деп жазган ал X социалдык тармагында.


Алдын ала маалымат боюнча, Болат Назарбаевдин жүрөгү токтоп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Медициналык жардам көрсөтүү чаралары натыйжасыз болгон.


Болат Назарбаев жаткан оорукананын маалыматы боюнча, 13-ноябрда саат 09:51де каза болгон.


Экс-президенттин иниси 4-ноябрда экинчи инфаркт менен Алматынын борбордук клиникалык ооруканасына жаткырылган. ЖМКлар анын абалы туруксуз экенин, анткени инфаркт акыркы жылдары жапа чеккен башка бир нече оорулар менен байланышы бар экенин жазышкан.


Болат Назарбаев бизнес менен 1990-жылдары алектенген. «Саликалы урпак» коомдук кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү. Башка ишкерлер аны бир нече жолу рейдерликке айыпташкан, бирок ага расмий айып тагылган эмес. Бирок экс-президенттин иниси бир нече мүлкүнөн, анын ичинде ар кайсы аймактардагы жана базарлардагы жерлеринен ажырап калган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн