Теке 27, 2024
Убакыт: 15:12
USD
83.60
84.50
EUR
90.60
91.60
RUB
0.960
0.995

Казань шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды

21.02.2024 16:29
299
Казань шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды


Бүгүн, 21-февралда Казань шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, дипломатиялык өкүлчүлүктүн ачылышы президент Садыр Жапаровдун 20-21-февраль күндөрү Татарстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында болду.

Салтанатка тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев жана Кыргызстандын Казань шаарындагы башкы консулу Э. Бейшембиев катышты.

Ошондой эле ТРнын Мамлекеттик кеңешинин төрагасынын орун басары Ю.Камалтынов, ТРнын Мамлекеттик кеңешинин комитетинин төрагасы К.Садриев, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Казань шаарындагы өкүлү Р.Вахитов, ТРнын Мамлекеттик кеңешинин Аппаратынын жашыруундукту жана жарандык режимди коргоо секторунун башчысы А.Хасанов, ТРнын соода- өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары М.Ахматов, ошондой эле дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана Казань шаарында жашаган мекендештер катышты.

Башкы консулдуктун консулдук округуна Татарстан Республикасы, Башкортостан Республикасы, Марий Эл Республикасы, Мордовия Республикасы, Удмуртия Республикасы, Чувашия Республикасы жана Ульяновск облусу аймактары кирет.

Жогорудагы консулдук аймакта жашаган Кыргызстандын жарандары КР мыйзамдарында белгиленген консулдук кызматтардын бардык түрлөрүн алуу үчүн Башкы консулдукка кайрыла алышат.

Башкы консулдук Казань шаары, Спартаковская көчөсү, 6 (Сувар Плаза) дареги боюнча жайгашкан. Байланышуу үчүн:

- телефон: +7 906 111 34 11
- Email: [email protected]

Жарандар күн сайын иш күндөрү (дүйшөмбү-жума) саат 09:00дөн 12:00гө чейин жана 13:00дөн 18:00гө чейин кабыл алынат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн