Бугу 04, 2024
Убакыт: 00:59
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Келечекте 10 сомдук же башка номиналдагы банкнот чыгабы? Улуттук банктын жообу

15.02.2024 12:16
524
Келечекте 10 сомдук же башка номиналдагы банкнот чыгабы? Улуттук банктын жообу


Жакынкы келечекте 10 миң сомдук же башка номиналдагы банкнотторду чыгаруу планда жок. Бул тууралуу Улуттук банктын накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Медина Ашыралиева бүгүн маалымат жыйынында билдирди.


Анын айтымында, жаңы банкноттор планга ылайык акырындык менен жүгүртүүгө киргизилүүдө. Азырынча жүгүртүүдөгү тыйындардын дизайнын өзгөртүү планы жок.


«Жакынкы арада 5 миң сомдук жаңы банкноттун жүгүртүүгө чыгарылышы күтүлүүдө», - дейт Медина Ашыралиева.


Ал ошондой эле тыйындардын жасоонун баасы номиналдык наркынан ашпай турганын белгиледи. Ошол эле учурда, жогорку номиналдардын бир кыйла жакшыртылган коргоо комплекси бар, ошондуктан, алардын өндүрүшү кымбат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн