Баш оона 22, 2025
Убакыт: 22:25
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.070
1.100

Кенияда жер көчкүдөн 15 адам набыт болуп, 22 адам дайынсыз болууда

22.04.2020 18:05
1123
Кенияда жер көчкүдөн 15 адам набыт болуп, 22 адам дайынсыз болууда


Кениянын Элгейо-Мараквет аймагында  жер көчкүдөн 15 киши каза болуп, 22 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, жер көчкү 18-апрелде жүрүп Чесогон шаарына чейин сүрүлүп барып бир нече үйдү басып калган.


Аймактын комиссары Рифт-Валли Джордж Натембея куткаруу иштерине жогорку суунун агымы, чылалар, таштуу жерлер жана нөшөрлөгөн жаан тосколдук жаратып жатканын айткан.


Ал эми тилсиз жоонун кесепетинен 4 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн