Кылымдын эң узак күн тутулуусу 2027-жылы күтүлүүдө. Мындай көрүнүш дагы жүз жыл кайталанбайт. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, 2027-жылдын 2-августунда күндүн толук тутулуусу катталат.
Астрономдордун айтымында, бул XXI кылымда жерден байкалуучу эң узак толук күн тутулуу. Бул учурда ай күндү толугу менен жаап, 6 мүнөт 22 секундага караңгылык орнойт.
Салыштыруу үчүн, 2024-жылдын апрелинде болгон күн тутулуу эң көп дегенде 4 мүнөт 28 секундага гана созулган.
2027-жылдагы толук тутулуу 11 мамлекетте — Испания, Гибралтар, Марокко, Алжир, Тунис, Ливия, Египет, Судан, Сауд Аравия, Йемен жана Сомалиде байкалат.
Жарым-жартылай тутулуу Африканын, Түштүк Азиянын жана Европанын көпчүлүк аймактарында көрүнөт. Ал эми башка региондордо олуттуу өзгөрүү болбойт.
Адистер күн тутулуусун көргүсү келгендерге алдын ала байкоо жүргүзө турган жерди аныктап, аба ырайынын шарттарын кылдат эске алууга кеңеш беришет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн