Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:09
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кымбатчылык, экономикалык стратегия жана жакырчылык менен күрөш тууралуу

12.03.2021 14:26
702
Кымбатчылык, экономикалык стратегия жана жакырчылык менен күрөш тууралуу


Өкмөттүн структуралык кайра түзүлүү, алдыдагы Кыргызстандын жаңы Конституциясын кабыл алуу боюнча жалпы элдик референдум, АКШ Мамдепинин Камчы Көлбаев боюнча маалымат үчүн сый акыны 5 миллион АКШ долларына чейин көбөйтүү билдирүүсү, финполдун жоюлушунун фонунда керектөөчү ички рыноктону баалардын байкалаарлык өсүшү, калкты вакцинациялоо боюнча көрүлүп жаткан чараларга карабастан ковид боюнча табышмактуу кырдаал, улуттук экономикадагы уланып жаткан кризис, ошондой эле биздин мамлекеттеги жакырчылыктын санынын кескин көбөйүшү көңүлдү бурат. Мына ушул коркунучтардын баарына эл ичинде жөн гана доллардын курсунун көтөрүлүшү менен байланыштырылган түшүнүк болуп жатат. 


Белгилей кетүү керек, ушул сыяктуу эле жакыныраак кырдаал Кыргызстанда гана эмес, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө пайда болду.


Ооба, учурдагы маселелердин башкы фактору коронавирус жана анын таасирлери болду. Тилекке каршы, пандемия жарыяланганга чейин эле дүйнөлүк экономикада кырдаал туруктуу эмес эле, ал тез эле стагнация (дымып калуу, токтоп калуу) абалына түшүп жана анын таасиринде нефть жана газдын баасынын урашына алып келди. Мындан сырткары, акыркы убактарда азык-түлүккө карата дүйнөлүк баа өзүнүн максимумуна жетти.


Oxford Economicsдин аналитиктеринин маалыматы боюнча акыркы жылда Бразилияда экономикасы өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн ичинен жалпы инфляцияга салыштырмалуу азык-түлүктүн баасы өскөнү катталган. Бул улуттук валютанын курсунун төмөндөшүнүн фонунда болгон. Өткөн жылы күрүчтүн баасы 76%га, ал эми сүт жана уйдун этинин баасы 20%дан ашуун кымбаттаган.


Нигерияда азык-түлүктүн акыркы 12 жыл ичиндеги эң тез кымбатташы катталган. Орто эсеп менен ал жакта үй-бүлөлөр бюджетинин 50%дан ашуунун тамак-ашка сарптайт. Нефтинин баасынын түшүшү менен мамлекетте товарлардын импорту үчүн керек болгон чет элдик валюталардын запасы кыскарган. Мындан сырткары, импорттун чектелишинен жана кургактагы чек аралардын убактылуу жабылышынан улам Нигерияда негизги азык-түлүктөрдүн жетишсиздиги пайда болгон, мисалы күрүчтүн.


Нанды дүйнөдөгү ири колдонуучу жана унду ири экспорттоочу болуп саналган Түркияда азык-түлүккө болгон баа январда өткөн жылга салыштырмалуу 18%га өскөн. Өзгөчө дан эгиндери жана жашылчалар.


Мындай кырдаалда туура жана эффективдүү чечимдерди кабыл алыш үчүн дүйнөлүк экономикада боло турган тереңдиктеги процесстерди түшүнүү маанилүү. Себеби, баалардын секириги, өзгөчө азык-түлүктөргө, бул болгону улуттук экономиканын абалынын индикатору жана салыштырмалуу адамдын температурасынын жогору болуп кетиши түрдүү факторлор менен байланыштуу болушу мүмкүн экендиги сыяктуу.


Бүгүнкү күндө биздин керектөөчү рыноктогу бардык товарлардын кымбатташы калктын абсолюттуу көпчүлүгү үчүн байкалаарлык таасир этип жатат. Бул процесске мамлекет тез арада реакция жасап, мындай кырдаалда өзүнүн мындан аркы экономикалык стратегиясын эртерээк таап алышы зарыл. Себеби, калктын биринчи кезекте колдонуп келген негизги товарларга болгон баанын динамикалуу өзгөрүшү, мамлекеттин туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүшүнө таасирин тийгизип жана бул багыттагы узак жылдык аракеттерди жокко чыгарып салышы мүмкүн.


Азык-түлүктүн баасынын өсүп жатканына байланыштуу дагы бир жагдайды эске алуу керек, Азыркы учурда дүйнөдө айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү жер шарындагы калктын санынын өсүшүнүн темпине салыштырмалуу артта калып жатат. Же жөнөкөй тил менен айтканда, өндүрүш калктын реалдуу керектөөсүн жабууга үлгүрбөй калууда. Ошондой эле эске ала турган жагдай, Кытай жана Индия калктын табигый өсүшүнөн улам айыл чарба продукцияларын экспорттоочулардан анын активдүү импортеруна акырындык менен айланууда. Мындан сырткары, жагымсыз климаттык шарттар, глобалдык климаттын өзгөрүү фактору, трансулуттук корпорациянын монополиясы жана анын таасиринде дүйнөлүк айыл чарба өндүрүшүнүн стагнациясы терс таасирин тийгизүүдө.


Кыргызстан үчүн тамак-аштын кымбатташы заматта терс мультипликативдик эффект берет жана ички рыноктотолугу менен сырткы факторлорго көз каранды болгон бардык керектелүүчүлөрдүн баасынын кескин секиригине алып барат.


Кымбатчылык жана коомдук нааразычылыктардын шартында, албетте мамлекетте азык-түлүктүн баасын мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү үчүн чоң азгырык жана административдик курал бар. Бирок, бул кадам зыяндуу жана ал башка маселелердин жаралышын пайда кылышы мүмкүн. Мисалы улуттук валютанын девальвациясы жана керектөөчү товарлардын өзгөчө тартыштыгын. 


Каалаган өкмөттө ички рынокто баанын кескин көтөрүлүп кетишине жол бербөөгө инструменттердин топтому бар, анын ичинде өндүрүшчүлөрдү даректүү колдоо жана ички өндүрүшчүлөргө стимул берүү. Тилекке каршы, бул планда биздин мамлекет акыркы отуз жылдан бери кош көңүл болуп келет жана инерция боюнча дүйнөдөгү айыл чарба продукцияларынын кымбаттап жаткан факторун өз пайдасына эч эле пайдалана албай койду. Кыргызстан агрардык өлкө эмеспи.


Көптөгөн жылдардан бери биздин республикада өзүбүздүн элементардуу кош көңүлдүктүн айынан калкты өсүмдүк майы, шекер жана ун менен камсыздоо чечилбеген маселе болуп келатат. Мунун баары биздин жарандардын өтө керектеген жана базалык азык-түлүктөрү эмеспи.


Азык-түлүктүн баасынын көтөрүлүшү, биринчи кезекте калктын жашоосунун деңгээлине таасир этет. Себеби муктаждыктан улам адам көптөгөн азык-түлүк эмес товарлардан жана кызматтардан баш тарта алат, алтургай милдеттүү төлөмдөрдү да кечиктириши мүмкүн, бирок тамактанбай коё албайт.


Ошондон улам кандай гана мамлекет болбосун башкы милдети ички рыногун керектүү азык-түлүк товарлары менен үзгүлтүксүз толтуруп туруу болуп саналат, ал керек-жарак баасын стабилдүү сактоону жана коомдун туруктуу өнүгүшүн камсыздайт.


Тилекке каршы, көптөгөн жылдардан бери Кыргызстандын азык-түлүк товарларынын керек-жарак рыногунун абалы олку-солку, сезондук мүнөзгө ээ жана тышкы фактордон өтө көз каранды.


Азык-түлүк товарлары менен керек-жарак рыногун толтуруу жергиликтүү ишканалардын өндүрүшү, башка мамлекеттерден товарларды алып келүү, импорт менен камсыздалат. Болгондо да биздин ички рынокто импорт атамекендик азык-түлүктөрдөн басымдуулук кылат. Мунун өзү импортерлор менен улуттук өндүрүшчүлөрдүн ортосундагы белгилүү бир дисбалансты көргөзүп турат. Жергиликтүү өндүрүшчүлөр импортерлор менен бекем атаандаштыкка азырынча туруштук бере албайт. Мындай кырдаалда ички рыноктон импортерлорду жасалма жол менен сүрүп чыгаруудан алыс болуу өтө маанилүү. Тескерисинче аларга абдан жакшы шарттарды түзүп берүү керек. Себеби кеп биздин мамлекетке инвестиция тууралуу болуп жатат. Ошол эле убакта ички рынокто улуттук өндүрүшчүлөрдүн катышуусунун үлүшүн көбөйтүү, аларга системалуу колдоо көргөзүү, анын ичинде мамлекеттик кепилдиги менен узак мөөнөттүк кредиттерди берүү жолу менен колдоо жасоо маанилүү.


Расмий маалымат боюнча, номиналдуу акча кирешеси жылына өсөт, бирок жан башына орточо акча кирешеси дагы деле төмөнкү деңгээлде, бул биздин жарандардын сатып алуучулук дараметине байкалаарлык таасир этет. Мындан сырткары, биздин керек-жарак рыногубуз кыргыз мигранттарынын которгон акчаларынан өзгөчө көз каранды.


Мындан шартта биздин мамлекет үчүн калктын өтө аз кирешеге ээ жана өтө жакыр жашаган бөлүгүнө ойлонулган жана өз убагында жасалган колдоо көрсөтүшү актуалдуу. Менин баамымда, бул багытта биздин мамлекет максаттуу иштебей жатат. Ошентсе да бул багытта анда-санда жана фрагментардуу көрүнүштөр бар. Мисалы, айрым кайрымдуулук фонддору жакыр үй-бүлөлөргө чакан бизнес түптөп алышы үчүн жардам кылат – сүттүү уй же кийим тигүүчү машина сатып берет, элементардуу тооккана куруп берет. Анан аябай жакыр жашаган адамдар ийгилик жарата баштайт, өз бизнесин ийгиликтүү жүргүзөт, продукция өндүрөт, муктаждарга жардам бере баштайт.


Бизде мыкты конституция, чынчыл президент болушу мүмкүн, бирок эгерде биз эффективдүү иштегенди үйрөнбөсөк жана заманбап өндүрүшкө багытталган алдыга жыла турган улуттук экономиканы түзбөсөк, көз карандысыз мамлекет боло албайбыз жана буга чейинки отуз жылдагыдай эле сырткы жардамдын эсебинен жашай беребиз. Ушундан улам товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн атамекендик рыногун өнүктүрүү жана камсыздоо, андан керектүү киреше табуу жана керек-жарак багытын табуу максаттарын коюшубуз керек. Башкысы атамекендик өндүрүштүн жандануусун, ички керек-жарак рыногун азыркы тапта чет мамлекеттерден сатып алып жаткан товарлар жана аналогдор менен камсыздоону ишке ашыруу зарыл. Бул үчүн атамекендик өндүрүшчүлөрдү мамлекеттик жана регионалдык деңгээлде колдоо керек.


Автор: Авазбек Атаханов


Редакциядан: Макала АКИпресс сайтынан кыргызчаланды

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн