Баш оона 05, 2025
Убакыт: 12:26
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.085
1.110

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалар топтолуп турат. Себеби

15.07.2021 09:41
1541
Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалар топтолуп турат. Себеби

Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунда 100дөй кыргыз жүк ташуучулары турат. Бул бүгүн, 15-июль саат 08:00гө карата алынган маалымат экенин Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.


Чек ара кызматынын маалыматына караганда, жүк ташуучу унаалардын 30-40ы контейнер ташыса, калганы эл керектөөчү товарларды жана тамак-аш азыктарын ташыйт.


Аталган өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын топтолушу экономикалык иштин активдешүүсү жана жүк жүгүртүмүнүн сезондук көбөйүшү менен байланыштуу. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана унаалардын тыгыны катталган жок.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн