Кытайда “Дуань-у” майрамын белгилөөгө карата “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 3-6-июнга чейин жабык болот.
Чек ара кызматынан билдиришкендей, чек ара кытай тараптын демилгеси менен жабылып, 6-июндан баштап ачылат.
Белгилей кетсек, кыргыз-кытай чек арасындагы бекеттер атайын алгоритмге ылайык иштейт. Анда Кытайдан Кыргызстанга бир гана жүктөрдүн өтүүсүнө уруксат берилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн