Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргыз-кытай өнүктүрүү фондун түзүү жолдору талкууланууда

08.12.2023 14:58
771
Кыргыз-кытай өнүктүрүү фондун түзүү жолдору талкууланууда


Пекинде (Кытай) Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Жибек жолу фондунун президенти Цай Сюэцзюнь менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Данияр Амангелдиев белгилегендей, буга чейин "РСК Банк" менен  Bank of China'нын ортосунда келишим түзүлгөн. Ага ылайык, "РСК Банк" кытай юаны менен операцияларды жүргүзүү жана кытай банктарында корреспонденттик эсептерди ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.


Жибек жолу фондунун президенти белгилегендей, тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз-кытай өнүктүрүү фондун түзүү вариантын талкуулап жатышат.


Мындан тышкары, Цай Сюэцзюнь Кытай өнүктүрүү банкынан жана Эксимбанкынан насыя алуу мүмкүнчүлүгүн колдонууну сунуштады. Ал фонд Өзбекстандын өкүлдөрү менен "өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу" боюнча меморандум түзгөнүн айтып, кызматташуунун бул моделин Кыргызстанда колдонууну сунуштады. Кытай тарап меморандумдун долбоорун ар тараптуу кароо жана изилдөө үчүн Кыргызстанга жөнөтүүгө даяр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн