Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргыз-өзбек чек арасында эки өлкө кайгуул күзөтүн жүргүзүүнү чечишти

01.06.2020 08:51
1013
Кыргыз-өзбек чек арасында эки өлкө кайгуул күзөтүн жүргүзүүнү чечишти


Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме айылынын жана Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыккан окуя боюнча эки өлкө ортосунда сүйлөшүү жүргүзүлдү.


Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Өзбекстандын жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан биргелешкен кайгуул күзөтүүн жүргүзүү чечими кабыл алынды.


Окуя орун алган учурдан тарта кыргыз өкмөтү коопсуздук чараларын күчөтүп, жеринде чыңалууну жана конфликттин курчушуна алып келбөө боюнча жалпы координация жүргүзүп, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарына тиешелүү тапшырмалар берилген.


Эске салсак, кечээ, 31-майда Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыкканЧыр Чечме деген тактала элек жерде булак талаштан пайда болгон. Чек ара чырынан жабыркаган адамдар бар экени айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн