Бугу 05, 2025
Убакыт: 08:21
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Кыргыз-өзбек чек арасында жергиликтүүлөр арасында чыр чыкты

13.05.2021 14:38
1287
Кыргыз-өзбек чек арасында жергиликтүүлөр арасында чыр чыкты


Кыргыз-өзбек чек арасында жергиликтүү тургундар арасында чыр чыкты, учурда абал көзөмөлдө, - деп билдирет өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-майда, Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Сай айылы менен Өзбекстан Республикасынын Сох районунун Чашма айылынын жашоочусунун ортосунда турмуш тиричиликке байланыштуу пикир келишпестик жаралып, мушташа кетишкен. Натыйжада эки өлкөнүн чектеш айылынын элдери чек арага топтолгон.

Окуя болгон жерге Кыргызстан менен Өзбекстандын аймактык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барып, элге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Баткен району менен Сох районунун чек ара жана ички иштер кызматкерлери, жеринде териштирүү ишин башташты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн