Кулжа 26, 2025
Убакыт: 15:15
USD
87.20
87.70
EUR
101.50
102.50
RUB
1.110
1.135

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү каналына бөгөт коюлду

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү каналына бөгөт коюлду


Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 3-июнунда УКМК чек ара кызматкерлери менен биргеликте Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын "Кум" чек ара тилкесинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын Өзбекстан Республикасы тарапка мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн (чек ара көзөмөл пунктунан тышкары) Бангладештин 4 жараны жана Өзбекстандын 1 жараны кармалды.

Ошондой эле көрсөтүлгөн убакытта Өзбекстандан Кыргызстанга мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча жогоруда аталгандарга ортомчулук кызмат көрсөткөн 1994-жылы туулган Өзбекстандын жараны М.Н.Р. кармалган, ал аталган чет элдик жарандарды мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө көмөк көрсөтмөк.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн