Бугу 21, 2024
Убакыт: 02:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргыз-тажик өкмөт башчылары ок атуучу курал колдонууга жол бербестигин белгилешти

09.05.2020 12:06
1158
Кыргыз-тажик өкмөт башчылары ок атуучу курал колдонууга жол бербестигин белгилешти


Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында ок атуучукурал колдонулган окуяга байланыштуу кырдаалды жөнгө салуу боюнча телефон аркылуу сүйлөштү.


Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кырдаалдын курчушун алдын алуу боюнча биргелешкен чараларды кабыл алууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Тараптар ок атуучу курал колдонууга жол берилбестигин белгилешип, чек ара аймактарындагы чыңалууну басаңдатуу жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн зарыл чараларды көрүү маанилүү экендигин белгилешти.


«Тараптар буга чейин жетишилген келишимдерге жана келип чыккан маселелерди чечүүдө конструктивдүү мамиле жасоого даярдыгын билдиришти. Мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкө ортосундагы сүйлөшүү процессинин улантуунун маанилүүлүгү баса белгиленди»,- деди Акрам Мадумаров.

 
Вице-премьер-министр укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийлик органдарына коопсуздук чараларын күчөтүү жана коомдук тартипти сактоо, чек арага чектеш айылдардын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
 
«Баткен облусундагы кырдаал өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө», - деп белгиледи Акрам Мадумаров.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жаркынбек
Тажиктер орттопирген уйду Ким толопбереткен ошондо