Бугу 15, 2024
Убакыт: 03:58
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргыздын мыктылары жана сыймыктарын эскерген “Эстей жүр” рубрикасы башталды

16.03.2021 09:45
2686
Кыргыздын мыктылары жана сыймыктарын эскерген “Эстей жүр” рубрикасы башталды


“Тарыхы жок эл болбойт” демекчи кыргыз эли тарыхка, маданиятка, көркөм өнөргө, талантка бай улуу жана байыркы эл болуп саналат. Буга көлөмү жана мазмуну жагынан дүйнөдө экинчи орунда турган “Манас” эпосу далил. Ошондой эле, кайталангыс чыгармалары менен Кыргызстандын атын дүйнөгө тааныткан улуу, залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун ысымы улуттук адабиятыбыз, тарыхыбыз менен байланыштуу.


Кыргыз саясатын, маданиятын, көркөм өнөрүн өнүктүрүүгө эбегейсиз жан үрөп, саясатка, спортко өз салымын кошуп, тарыхта өчпөс из калтырган Аалы Токомбаев, Бүбүсара Бейшеналиева, Муратбек Рыскулов, Эстебес Турсуналиев, Дооронбек Садырбаев, Мыскал Өмүрканова, Раатбек Санатбаев, Алыкул Осмонов, Чолпонбек Базарбаев жана башка көптөгөн даанышман таланттарыбыз жана тарыхый инсандарыбыз өткөн.


Ал ысымдар эч качан унутулбай, канча убакыт өтсө дагы ар дайым эскерилип, даңазаланып турууга татыктуу. Мына ушул максатта “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги “Эстей жүр” рубрикасын уюштурат. Бул рубрика туруктуу болмокчу. Жумасына бир же эки жолудан кыргыздын мыктылары жана сыймыктары жөнүндө кызыктуу, урунттуу учурларын жазып, эскерип турмакчы.  


“Эстей жүрдүн” эң алгачкы каарманы ССРдин Эмгек сиңирген маданий ишмери, Кыргызстандын Эл баатыры, Жогорку Кеңештин 3 жолку депутаты, кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев болмокчу. 


Толугу менен бул жерден окуй аласыз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн