Кулжа 25, 2025
Убакыт: 09:29
USD
87.10
87.60
EUR
101.00
102.00
RUB
1.100
1.135

Кыргызстан- Кытай: Чек ара убактылуу жабылат

09.02.2021 13:01
619
Кыргызстан- Кытай: Чек ара  убактылуу жабылат

Кытай тараптын демилгеси менен ай жылнаамасы боюнча жаңы жылды майрамдоого байланыштуу мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги «Торугарт – унаа жолу», «Эркечтам – унаа жолу» өткөрүү пункттары транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүгө убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМК чек ара кызматынан билдирди. 


«Торугарт – унаа жолу» өткөрүү пункту 2021-жылы 11-февралда убактылуу жабылып, 2021-жылы 15-февралда кайра калыбына келтирилет.


«Эркечтам – унаа жолу» пункту 2021-жылы 12-февралдан тартып 16-февралга чейин убактылуу жабылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн